15:34 27 марта 2018

Инклюзивдик билим берүү лабораториясында дагы бир акыл-таймаш болуп өттү

2018-жылдын 14-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ЖОЖдор аралык инклюзивдик билим берүү лабораториясы Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык колдоосу менен студенттердин балдар психологиясына, инклюзивдик билим берүүгө маалыматтык кызыгуусун, топтук баарлашуу жөндөмдүүлүгүн, ошондой эле суроо берип, суроолорго так жооп берүү ыктарын өнүктүрүү максатында Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун «Кыргызстанда инклюзивдик билим берүү процессинде ДМЧ балдарды коштоо» долбоорунун алкагында «Балдар психологиясынын кызыктуу өзгөчөлүктөрү» аттуу акыл таймашын өткөрдү.

Таймашка Республиканын 3 жогорку окуу жайынын студенттери катышты. Алар И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун командалары болушту. Ар бир команданы мугалимдер, жетекчилери коштошту.

Таймаштын биринчи бөлүгү блиц-суроо түрүндө өтүп, командалар балалык жаңы куруулар, Ж. Пиаженин когнитивдик өнүгүү теориясы, бихевиоризм, баланын таанып-билүүчүлүк теориясы боюнча суроолорго кезектешип жооп беришти.

Таймаштын экинчи бөлүгү инклюзивдик билим берүү шартында балдарды окутуу жана өнүктүрүү психологиялык-педагогикалык суроолоруна арналган. Командаларга психологиялык маселелер боюнча "суроо-жооп" түрүндө тапшырманы аткаруу талап кылынган.

Мисалы: Бала эмне үчүн жазууну үйрөнүүдө биринчи ондон солго жазганга аракет кылат?

Таймаштын алкагында өзүнчө сынак дагы өткөрүлдү. Катышуучулар жазуучунун илимий ишинин үзүндүсү боюнча белгилүү психолог жана педагогду табышы талап кылынды. Мындай кызыктуу интерактивдүү тапшырмалар психологиялык-педагогикалык өнүгүү «SEAR» эл аралык борборунун адистери тарабынан даярдалган. Оюндун жүрүшүндө, айрым командалар алган упайлар боюнча теңме-тең келе жатышты.

Көп кырдуу жана ар тараптуу таймаш жеңүүчү команданы сыйлоо менен аяктады. Таймаштын катышуучулары сыйлыктарды алышты.

Мындай викториналар И.Арабаев атындагы КМУнун инлюзивдик билим берүү лабораториясында өткөн жылдан бери, ар бир үч айда өткөрүлөт.

«Кыргызстанда бир гана биздин университет – студенттер үчүн мындай практикалык викториналарды өткөрөт. Анын максаты - инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу жана студенттердин психологиялык-педагогикалык билимдерди актуалдаштыруу, - деп айтып өттү профессор Тилекеев К.М. - биз дайыма окуу жыл ичинде инклюзивдик билим берүү жана жеткиликтүү билим чөйрөсүнө арналган ар кандай теориялык жана практикалык иш-чараларды өткөрөбүз. Студенттер канчалык мындай иш-чараларга көбүрөөк катышса, алар реалдуу учурларда ошончолук оной багыт ала алышат. Андан кийин, педагогикалык практикада, алар ар бир жагдайда жол таба алышат. Бүгүнкү күндө, бул балдар - студенттер, эртең - билим берүү уюмунун инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча келечектеги жетекчилер, мугалимдер. Биз кийинки иш-чараларга каалоочуларды чакырабыз».

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть