8:41 4 апреля 2018

ЖАМУнун студенттери Казакстандагы конгресске катышты

Казакстан мамлекетинин Алматы шаарында С.Д.Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетинде 30-31-мартта “Helth Sciences” аттуу I Эл аралык студенттик конгресс болуп өттү .Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 8 студенти илимий тезистерин даярдап, жетекчилери медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Бечелова А.Т., Бакирова А.А., Асанова С.Т. менен биргеликте катышып келишти.

Конгресстин негизги максаты – илимге кызыккан максаттуу студенттерди, магистрлерди, докторанттарды жана окумуштууларды бириктирүү жана актуалдуу темаларды ар тараптуу көз караштар менен талкуулоо, ошону менен бирге окумуштуулардын илимий иштери менен таанышуу.

Конгресстин негизги спикерлери Гарвард университетинин, Пенсильвания университетинин, Огайо штатынын университетинин профессорлору өздөрүнүн жаңы ачылыштарын тааныштыруу менен лекцияларды өтүштү.

Конгресстин 1-күнүндө секциялык иштер болду. Анда студенттер оозеки баяндамалар, постердик сессия менен илимий тезистерин алып чыгышты. Ал эми конгресстин 2-күнүндө профессорлор мастер-класстарды өтүштү.

Студенттердин илимий докладдарын ISCHS 2018 калыстары баалап, конгресстин салтанаттуу жабылуу аземинде орундар ыйгарылып, I, II, III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Фарм-1-16 тайпасынын студенткасы Жоробаева Шадияна жана жетекчиси Бечелова Айгүл III даражадагы диплом жана 5000 теңге менен сыйланып кайтты. Ошондой эле конгресстин ар бир катышуучусуна жана жетекчилерине сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть