9:04 4 апреля 2018

ОшТУга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар келишти

Ош технологиялык университетинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата студенттер жана окутучуулар улуу жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын ролдорун аткарган актерлор менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү. Аталган жолугушууга "Ак кеме" кино тасмасында баланын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев, "Бетме-бет" повести боюнча тартылган тасмада Ысмайылдын ролун аткарган Бусурман Одураков жана "Биринчи мугалим", "Бакайдын жайыты" тасмаларында ойногон чебер аткаруучу Насрет Дубашев катышты.

Алгач аталган актерлер катышкан тасмалар окутуучуларга жана студенттерге тартууланды. Жолугушуу жогорку деңгээлде уюштурулуп, суроо-жооптор менен уланды. Аягында кызыктуу суроолорду берген студенттер жана окутуучулар Ч.Айтматовдун чыгармалары жарык көргөн китептер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть