10:22 6 апреля 2018

ОшТУда геологдор күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык апрель айынын биринчи жумалыгында “Геологдор күнү” белгиленет. Аталган майрамга карата ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу факультетине караштуу “Пайдалуу кендердин геологиясы” кафедрасы кафедранын окутуучу-профессордук курамы жана студенттер менен биргеликте майрамдык кече уюштурушту.

Бул майрамдык кечеге түштүк кыргыз геологиялык экспедициясы мамлекеттик ишканасынын, Кыргыз Комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы мамлекеттик ишканасынын Ош гидрогеологиялык партиясы түштүк филиалынын жана башка геологиялык тармактагы ишканалардын жетекчилиги чакырылып, иш берүүчүлөр менен студенттердин ортосунда тегерек стол уюштурулду.

Университеттин жетекчилиги менен биргеликте, өндүрүштө колдонулуп жаткан жаңы усулдар менен иш аракеттер жөнүндө маселелер каралды жана окуу процессинде алардын колдонулушу да сунушталды.

Өндүрүш менен окуу жайдын ортосунда байланышты бекемдөө максатында Ош гидрогеологиялык партиясы түштүк филиалынын базасында окуу кабинетинин ачылышы да майрамга карата жакшы жышаан болду. Аталаган окуу кабинетинде кафедранын студенттери адистик сабактар боюнча билим алышат жана теориялык билимин практика жүзүндө өндүрүштүк иш кананын базасында таанышууга шарт түзүлөт.

“Пайдалуу кендердин геологиясы” кафедрасынын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүүчү бул иш чара Карьера борбору менен да уюштурулуп, мекеме ишканалар менен болгон байланышты чыңдоого жакшы шарттар түзүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть