10:43 6 апреля 2018

ОшТУ Өзгөн районунун жана Өзгөн шаарынын мектеп окуучулары үчүн кесипке багыттоо иш-чарасын уюштурду

Ош технологиялык университетинин кесипке багыттоо иш-чарасы Ош облустунун Өзгөн районунун жана Өзгөн шаарынын мектеп окуучулары үчүн уюштурулду.

Аталган иш-чарага Өзгөн шаарындагы жана Өзгөн районундагы мектеп окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышышты. Бул иш-чара окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы тарабынан уюштурлуп, жалпысынан 600 жакын мектеп окуучулары катталышып, аларга окуу жай тууралуу кенен маалыматтар берилип, видеороликтер көрсөтүлдү.

Мектеп окуучулары Ош технологиялык университетинде аткарылып жаткан окуу-тарбиялык иш чаралар тууралуу жакындан маалымат алышып, өздөрүнүн келечектеги кесип тандоосуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилешти. Мындай кесипке багыттоо иштери бардык аймактарда уюштурулмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть