9:39 12 апреля 2018

КТМУда химия боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар менен жолугушуу болот

Автор: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү

2018-жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дүйнөгө белгилүү илимпоз, Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар менен жолугушуу болуп ѳтѳт.

Жолугушуунун алкагында Нобель сыйлыгынын лауреаты, профессор Азиз Санжар академиялык жамаат жана студенттер менен жолугушат жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылат.

Ошондой эле профессор Азиз Санжар атындагы китепкананын ачылышы жана кѳчѳт отургузуу иштери ѳтѳт.

Азиз Санжар (англ. Aziz Sancar; 1946-жылы 8-сентябрь) – америкалык түрк биохимиги жана ДНКнын калыбына келтирүү, клетка циклинин көзөмөл механизми жана циркаддык саат боюнча адистештирилген молекулалык биолог. 2015-жылы Санжар, Томас Линдал жана Пол Модрич менен ДНКнын калыбына келтирүү механицизмдик изилдөөлөрү үчүн химия жаатындагы "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. Окумуштуу ордун алмаштырган бактериялардагы фотолиз жана нуклетоиддердин эксциздик репарациясынын изилдөөсүнө салым кошкон.

Учурда Санжар Түндүк Каролина университетинин Медицина мектебинин биохимия жана биофизика профессору Сара Грэм Кенандын жардамчысы жана UNC Lineberger Comprehensive Cancer Center рак оорусунун борборунун илимий мүчөсү. Окумуштуу түрк элинин маданиятын илгерилөөсүн жана АКШдагы түркиялык студенттерге жардам берүүчү коммерциялык эмес Aziz & Gwen Sancar уюмунун кош-негиздөөчүсү.

Дареги: Жал кичирайону, Ч.Айтматов кампусу, Маданият борбору

Күнү: 20.04.2018

Башталышы: 10:00

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть