12:06 13 апреля 2018

БГУда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Эл аралык студенттик фестивалдын ачылыш аземи болуп өттү

2018-жылдын 13-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Ч.Айтматов биздин жүрөгүбүздө: сүйөбүз жана сыймыктанабыз» аттуу Эл аралык студенттик фестивалдын ачылыш аземи болду. Иш-чарага Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин, Кыргызстан жазуучулар союзунун жооптуу кызматкерлери жана башка чакырылгандар катышты.

Улуу жазуучуга жана анын чыгармаларына арналган фестиваль университетте 3 этап менен өткөрүлөт.

1-этап узакка созулат жана ага студенттердин бардыгы тартылып, массалык мүнөзгө ээ болот. Ар кандай аянтчаларда түрдүү иш-чаралар: флэшмобдор, эссе, спич-сынактар, викториналар, дилбаяндар жазылат, дубал гезиттер, плакаттар чыгарылат, көркөм окуулар, театрлаштырылган көрсөтүүлөр дүйнөнүн ар кандай 15 тилинде уюштурулат, ар башка элдердин ырлары жана бийлери аткарылат, көргөзмөлөр уюштурулат. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

Мааракелик марафондун 2-этабында, тактап айтканда, 2018-жылдын 5-ноябрында жогорку адистештирилген тажрыйбалуу адамдардан уюштурулган калыстар тобунун мүчөлөрү өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгын чыгарышып, жеңүүчүлөрдү аныкташат.

Ушул белгиленген мезгил ичинде студенттер менен окутуучулардын күчү менен тартылган Ч.Айтматов жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлөт жана «Ч.Айтматовдун публицистикасы жана коомдун рухий турмушу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

3-жыйынтыктоочу этап 2018-жылдын 17-ноябрында болот. Бул күнү университеттин уюштуруу комитети жыл сайын уюштурулуп жүргөн Айтматовдук тематикага арналган тилдердин жана маданияттын эл аралык фестивалын өткөрөт. Бул Эл аралык фестивалга Москвадагы мамлекеттик лингвистикалык университеттин, КМШ жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат.

Фестивалдын алкагында улуу жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган эл аралык маанидеги тегерек стол өткөрүлөт жана «Айтматов биздин жүрөгүбүздө: сүйөбүз жана сыймыктанабыз» Эл аралык фестивалынын бардык этаптары боюнча жеңүүчүлөргө салтанаттуу маанайда сыйлыктар тапшырылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть