13:53 13 апреля 2018

ОшМУда драматург Кыял Асаналиеванын “Закым кубалаган балдар” спектакли коюлду

ОшМУнун искусство факультетинин концерттик залында 12-апрель күнү студенттик "Дүбүрт" театры тарабынан даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу спектакль жалпы көрүүчүлөргө тартууланды.

Аталган спектакль эки сеанс менен коюлуп, ага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Кодошев, окутуучулар, студенттер күбө болушту.

Көрүүчүлөрдүн купулуна топуп, алкышына арзыган, тарбиялык мааниси жогорку спектаклдин автору жана режиссеру «Ош декларациясынын» алкагында ОшМУга Ысык-Көл мамлекеттик университетинен келген ф.и.к., доцент, “Жалын элдик театрынын” жетекчиси, белгилүү драматург Кыял Асаналиевага ОшМУнун Ардак громатасы жана акчалай сыйлыгы тапшырылды. Ошондой эле спектаклде эң жаш “Сары кыздын” образын жараткан К.Алтыбаева атындагы мектебинин 4-классынын окуучусу Рахманбердиева Асема мыкты аткаруу чеберчилиги үчүн ОшМУнун ыраазычылык каты менен сыйланды.

Аталган спектаклде ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 1-курсунун студенттери образ жаратышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть