20:23 16 апреля 2018

ОшМУда EdNet аккредитациялык агенттиги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү баштады

Бүгүн, 16-апрель күнү ОшМУда экономика, менеджмент, юриспруденция, лингвистика, теология, социалдык иштер жана дизайн багыттары боюнча 10 баклавриат, 7 магистрдик программаларды EdNet аккредитациялык агенттиги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү баштады. Агенттиктин эксперттери 4 кластерде иш алып барууда. Эксперттик курамда чет элдик (Туркия, Казахстан) эксперттер, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан, академиялык эксперттер, жумуш берүүчүлөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү, студенттер бар.

EdNet аккредитациялык агенттигинин эксперттери текшерүүнүн алгачкы күнү программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо менен иш алып барууда.

Эксперттик комиссия 1 жума аралыгында материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшмөкчү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть