15:10 19 апреля 2018

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

2018-жылдын 11-13-апрелинде Ташкентте билим берүүнү алдыга жылдыруу максатын көздөгөн субрегионалдык семинардын алкагында «Туруктуулук мугалимдерден башталат» аттуу долбоордун жыйынтыгы презентацияланды. Презентацияны улуттук координатор Жылдыз Кадыркуловна Дуйшенова жасады.

Семинарга С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к. Бурулбүбү Биймурсаева катышып келди. Ошондой эле, семинарга Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары жана адистери Абакир Мамытов, Калыйбубу Джунушалиева, республикалык педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлү Эльвира Умбетова, И.Арабаев атындагы КМУнин астындагы М.Р.Рахимова атындагы ПКДжКД институнунун өкүлү Дамира Тиленова, ОМПИден Гүлзада Сагынбаева, Мамлекеттик башкаруу академиясынан Эльвира Касымова, Ж.Баласагын атындагы КУУнин профессору Тургунбек Ниязов катышышты.

Долбоор 2016-жылдан бери өз ишин алып барат жана ага Кыргызстандын мугалимдерди даярдоо жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу ишин жүргүзгөн 5 жогорку окуу жайы мүчө.

ЮНЕСКОнун долбоорунун негизги максаты - адам укугу, гендердик тең укуктуулук, ар кырдуу маданиятты даңазалоо, тынчтык, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу, экологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүүсү деген маселелер аркылуу окуучуларга туруктуу коомду түзүү үчүн керектүү болгон билимди жана көндүмдөрдү берүү болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

НМУда профессор Т.Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть