12:19 19 апреля 2018

Назарбаев университетинин профессорлору ОшТУ да семинар өткөрүштү

Ош технологиялык университетинин чакыруусу менен Казахстан Республикасынын Назарбаев университетинин профессорлору Дүйшөн Шаматов, Али Айт Си Мхамед жана жана аталган университеттин кабыл алуу боюнча жооптуу адиси Гульден Шокатовалар окуу жайда “Билим берүүнүн сапаты жана көз карандысыз аккредитациянын өзгөчөлүктөрү” деген темада эл аралык илимий семинар өткөрүштү. Алгач конокторду Ош технологиялык университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Абидов Абдыкадыр Омарович кабыл алып, окуу жайдын эл аралык аккредитация боюнча даярдыктары, окуу жайдагы эл аралык байланыш тармагында аткарылып жаткан жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Атайын даярдалган слайддар аркылуу эл аралык аккредитацияга тиешелүү көйгөйлөр, аны өткөрүүнүн тартиби, аккредитациядан кийинки жетишкендиктер тууралуу илимий докладдар окулду. Илимий семинарга катышкан окутуучулар, студенттер кызыккан суроолору боюнча кеңири маалымат ала алышты. Илимий семинарга Ош технологиялык университетинен сырткары Ош гуманитардык педагогикалык институтунун, Ош Кыргыз-Өзбек университетинин, Өзгөн технология жана билим берүү колледжинин окутуучулары жана студенттери катышты.

Белгилеп кетсек 2015-жылы да Ош технологиялык университетинин Карьера борборунун алкагында Назарбаев Университетинин профессорлору Дүйшөн Шаматов, Кайрат Куракбаев жана Жейсон Спаркс катышкан бүтүрүүчү курстун студенттери үчүн “Жумуш берүүчүлөргө кантип даярданып баруу керек”, “Инвестициялык долбоорлоргр кантип катышуу керек”деген темаларда атайын семинар уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть