11:47 20 апреля 2018

ОшТУда Конфуций каанасы ачылды

ОшТУда Конфуций каанасы ачылды.

Ош технологиялык университетинин алдындагы Тилдерди даярдоо жана эл аралык билим берүү программалар институтунун базасында Конфуций каанасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Абдыкадыр Омарович Абидов, Конфуций инстутутунун Кытай тараптан директору Лю Вей Чиен, Улуттук илимдер академиясынын академиги Токторалиев Биймырза Айтиевич, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Кытай Эл Республикасынан келген коноктор менен бирге окуу жайда орун алган Конфуций каанасынын ачылуу аземи өткөрүлдү. Ачылуу аземинен соң концерттик программанын алкагында кыргыз жана кытай элинин улуттук ыр-бийлери кыргыз жана кытай тилдеринде жаңырды. Ош технологиялык университетинде 2013-жылдан бери Кытайдан келген ыктыярчылар студенттерге тил үйрөтүп келишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть