13:44 20 апреля 2018

“Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча түзүлгөн Меморандумга кол коюлду

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи 2018-2023-жылдарга багыталган Азия өнүктүрүү банкы тарабынан финансылык каржыланган АБР тарабынан жарыяланган долбоорго катышып, суммасы 1 млн доллар болгон долбоорду жеңип алды.Бул тууралуу колледждин жетекчиси Турдубаева Бариса билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” секторун өнүктүрүү программасы боюнча тандоого республикадагы 61 колледж катышып, анын ичинен аталган министрликтин №271/1 12.03.18 буйругунун негизинде 5 колледж мыкты деп табылган. Мындай ийгиликти жаратууда ЖАКтын жамааты демилгелүү эмгектенип, “Алдыңкы тажрыйба борбору” наамды жеңип алышкан.

2018-жылдын 19-апрелинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан финансылык каржыланган “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” секторун өнүктүрүү программасынын (грант №0552-KGZ жана грант №0553- KGZ) долбоорунун менеджери Жээнбекова Надира жана ЖАКтын директору Турдубаева Барисанын ортосунда меморандумга кол коюлду. Долбоор 2023-жылдын 31-майында аяктайт. 5 жыл ичинде ЖАКка бардык керектүү жабдуулар келип, оңдоп-түзөө иштери, практика боюнча устаканалар жасалат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть