10:12 23 апреля 2018

Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар КУУнун ардактуу профессору болду

2018-жылдын 20-апрель күнү Нобель сыйлыгынын ээси, түрк биохимиги Азиз Санжар мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды. Салтанаттуу иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырза, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Түрк кызматташтык агенттигинин координатору Али Муслу мырза, ЖОЖ ректорлору жана КУУнун жамааты катышты.

КУУнун сыйлуу мейманын ректор Канат Садыков тосуп алгандан кийин, Нобель сыйлыгынын ээсин коштогон топ КУУнун студенттери жасаган "тирүү коридор" аркылуу өтүп, улуттук даамдардан ооз тийди. Башкы имараттын фойесинде улуттук аспаптар ансамбли кыргыз күүлөрүнөн аткарды.

КУУнун ректору Азиз Санжар мырзаны Улуттук университеттин факультет декандары менен тааныштырган соң, топтун мүчөлөрү "Азиз Санжар атындагы кыргыз-түрк ресурстук борборуна" барды. Ал жерде Нобель сыйлыгынын ээсин КУУнун студенттери түрк тилинде салам айтып, жылуу тосуп алышты.

Андан кийин башкы имараттагы чоң жыйындар залында аземдин расмий бөлүгү башталды. Жыйындын катышуучулары залга кирип келген Азиз Санжар мырзаны дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

КУУнун ректору Канат Садыков Азиз Санжар мырза Нобель сыйлыгын 2015-жылы "ДНКны калыбына келтирүү механизмдери" боюнча изилдөөлөрү үчүн алгандыгы; үй бүлөдө сегиз баланын жетинчиси экендиги; ата-энеси билимсиз болгону менен, бардык балдары жогорку билим алгандыгы; Азиз Санжар мырза Стамбул университетинин медицина факультетин бүтүргөндөн кийин, 1971-жылы Америкага кетип, 1977-жылы Техас университетиндеги молекулярдык биология боюнча аспирантураны бүтүрүп, 1982-жылдан азыркыга чейин Түндүк Каролина университетинде профессор болуп иштегендиги тууралуу малымат берди.

Азиз Санжар мырзанын илимий иштери, эмгектери тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырза менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков да айтып берди.

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык (Алахан) Тиллебаев жыйындын катышуучуларын Азиз Санжар мырзага "Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору" наамын ыйгаруу тууралуу Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы чечими менен тааныштырган соң, КУУнун ректору Азиз Санжар мырзага аталган наамдын дипломун жана атрибуттарын тапшырды.

Андан кийин трибунага жаңыдан эле КУУнун ардактуу профессору болгон Нобель сыйлыгынын ээси, түрк биохимиги Азиз Санжар мырза чыгып, салтка айланган "Ардактуу профессордун" лекциясын окуп, төмөндөгүлөгө токтолду:

"Мени чоң азем менен, көркөмдүү тосуп алдыңыздар. Бул ар бир кишиге жагат. Мындай нерсе ушундай салтанаттуу учурларда болушу мүмкүн, бирок илим тармагында мындай болбошу керек. Мен бардык жерде Түрк илими, Түрк дүйнөсү жана көп эмгектенүү керектиги жөнүндө айтып келем.

Мен азыр 71 жаштамын, дагы канча жашайм - аны эч ким билбейт. "Кытай Эл Республикасынын чек арасынан Адриатика деңизине чейинки аймакта бир Түрк дүйнөсү жашап келет!". Ишенгендер - ишенсин, ишенбегендер - ишенбесин. Мен бул сөздөрдү шайлоолордо добуш алуу үчүн же кызматымдан жогорулоо үчүн айтып жаткан жерим жок. Мен бул сөздөрдү чын жүрөгүмдөн ишенгендигим үчүн айтып жатам. Түрк дүйнөсүн биз калган дүйнөгө тааныштырышыбыз керек. Ахмед Ясави, Жусуп Баласагын, Юнус Эмре - булар Түрк дүйнөсүнүн залкарлары. Булар адабият тармагында абдан чоң изилдөөлөрдү жасап, Түрк дүйнөсүнө абдан чоң салым кошушкан. Муну баарыбыз билишибиз керек. Айтмакчы, менин электрондук дарегими сурасаңыз, ал "kutadgu_bilig".

Менин бул жерге келгендеги негизги максатым - өсүп келе жаткан жаш муунга кайрылуу. Жаштарыбызды илим тармагына шыктандырышыбыз керек. Илимге, илимий дисциплиналарга көбүрөөк көңүл бурсаңар. Мен фундаменталдуу изилдөөлөр жөнүндө айтып жатам. Бүгүн бир жыйында мага бир жаш кыз келип, "Сиз айткан пикирлерге кошулбайм" деди. Мен аны абдан жактырып калдым. Анткени, ал кыз эркин ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Илим тармагында бул абдан маанилүү.

Азыркы заманда Түрк дүйнөсү бир-бирине кол кабыш кылып, ынтымакта, биримдикте, чогуу, бир максатта иштесек - баарыбыздын келечегибизге оң таасирин тийгизет", - деди ал.

Жыйындын соңунда КУУнун ректору Канат Садыков жана химия, химиялык технологиялар факульетинин деканы Анар Зарипова Нобель сыйлыгынын ээсине чакан белектерди тапшырышты.

Азиз Санжар мырзага "КУУнун ардактуу профессору" наамын ыйгаруу аземине төмөндөгү инсандар да катышты:

1. Муса Йылдыз мырза - Хожа Ахмет Ясави атындагы Казак-Түрк университетинин көзөмөл кеңешинин президенти;

2. Невзат Шимшек мырза - экономика, каржы жана энергетика боюнча эл аралык конгресстин координатору, профессор;

3. Элшан Багирзаде мырза - Азербайжан мамлекеттик экономика университетинин ректорунун кеңешчиси;

4. Режеп Сула мырза - Туркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси;

5. Эркан Эрой мырза - Туркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси

6. Адем Косоглу мырза - «ТОМЕР» Турк тилин уйрөтүү борборунун мүдүрү;

7. Мустафа Йылмаз мырза - Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин мүдурү;

8. Сеохаттин Балжы мырза - Кыргыз-Турк Манас университетинин ректору;

9. Кулмырзаев Асылбек - Кыргыз-Турк ‘Манас университетинин биринчи проректору;

10. Хусейин Огут мырза - Кыргыз-Түрк Манас университетинин проректору.

Салтанаттуу аземден алынган толук видео-репортаж менен КУУнун расмий сайтынан таанышууга болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть