10:23 23 апреля 2018

И.Арабаев атындагы университетте окуган болочок экологтор Бишкектин ботаникалык бакчасында ишембилик өткөрүштү

21-апрелде университеттин География, экология жана туризм факультетинин жана колледждин жетекчилери, кызматкерлери жана студенттери борборубуздагы жалгыз аянт Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчага барып, ири ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликте студенттер жашыл аянттын айлана-тегерегин таштандылардан арылтып, бак-дарактарды бутап, суу өтүүчү арыктарды тазалап, өстүрүлүп жаткан гүлдөрдүн, дарактардын астын чаап жумшартышты.

Ишембиликке ректор Т.Абдырахманов да катышып, ыраазычылыгын билдирди. Мындай иш-чаралар ар апта сайын өткөрүлүп турса, шаарыбыз үчүн, шаардын тургундары үчүн, эң башкысы өзүбүздүн ден-соолугубуз үчүн абдан пайдалуу экенин айтып өттү.

Ал эми «Таза жашоо» урааны менен чыккан студенттерибиз бул күндү көтөрүңкү маанай менен майрамга айлантышты. Ишембилик учурунда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, жашыл аянттын айланасын көркүнө чыгарышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть