10:00 24 апреля 2018

ОшТУ Өзбекстан мамлекетинин жогорку окуу жайлары менен кызматташууну баштады

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан республикасынын Президенттеринин жолугушуусунун алкагында эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлган. Алардын ичинен негизги багыттардын бири жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү активдүү кызматташуу болуп саналат.

Бул келишимдерге ылайык 2018-жылдын 19-21-апрелинде Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аттокуров Урмат Төлөгөнович жана профессор Адылжан Таджимухамедович Маруфий Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университети, Фергана политехникалык институту жана Ташкент маалымат технологиялары университетинин Фергана филилдары менен М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети менен келишим түзүү максатында атайын иш сапар менен барып келишти.

Ош технологиялык университеттин кызматкерлерин Фергана мамлекеттик университетинен окуу иштери боюнча проректор К. Газиев менен эл аралык бөлүмдүн башчысы Х. Саттарова, Фергана политехникалык институтунан окуу иштери боюнча проректор Р.Аноров менен эл арлык бөлүмдүн кызматкерлери жана Ташкент маалымат технологиялары университетинеен Фергана филалынын директору Б.Мирзакаримовдор тосуп алышты.

Жолугушууда кол коюлган документтер боюнча иштердин эки тараптуу аткарылышын ишке ашыруу багыттары талкууланды. Ошондой эле окуу жайлардын кызматташуусу боюнча келишимдерге кол коюлду. Жолугушуулардын соңунда окуу жайлар боюнча таанышып, кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть