12:43 24 апреля 2018

КГУСТАнын студенттери белгилүү профессор А.Иманов менен жолугушту

2018-ж. 23-апрелде Н.Исанов ат. КМКТАУда белгилүү окумуштуу, филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору Акеш Иманов менен жолугушуу болуп өттү.

Окуу жайыбызга келген ардактуу мейман Акеш Иманов университеттин ректору, т.и.д., профессор Акымбек Абдыкалыкович Абдыкалыков жана Каржы-экономика жана чарбалык ишмердүүлүк боюнча проректор, т.и.к., доц. Памирбек Бакыевич Жолболдуевдер жылуу тосуп алышты. Профессор Акеш Имановду кыргыз элине таанымал, белгилүү композитор Акимжан Жээнбай коштоп келген.

Жолугушуудан соң проф. Акеш Иманов жана Акимжан Жээнбай университеттин С.Жусуев атындагы Мамлекеттик тил борборунда «Кыргыз тили» кафедрасынын эмгек жамааты менен маектешүүсү болуп өттү. Алгач проф. А.Иманов өз басып өткөн жолу тууралуу кыскача баяндап, төмөнкүлөргө токтолду: «Өзгөчө баса белгилей кетүүчү нерсе – бул кыргыз филологиясынын туу чокусунда турган Кусейин Карасаев менен бирге иштешүү мен үчүн сыймык, жүргөн чөйрөң канчалык жогору болсо, адамдар менен болгон мамилең ошого ылайык жогору болот экен, ушундай адамдар менен бирге иштешүү - «турмуштун мектебинен» өткөнгө барабар. Өзүң окутуп, тарбиялап өстүргөн балдарың ийгиликке жетишип, алды белгилүү саясатчы же окумуштуу болгону – бул эмгектин үзүрү деп эсептейм. Азыркы учурда кыргыз тилин студенттерге окутууда жөн гана грамматика менен чектелбестен, ошондой эле дин, маданият, этика, философия, тарых менен айкалыштырып өтүү абзел» деп билдирди.

Маектешүү эркин суроо-жооп форматында өттү, жолугушуунун соңунда проф. Акеш Иманов университеттин жалпы эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, өз «ак батасын» берип, кайтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть