18:06 24 апреля 2018

ОшТУда “Илим, техника жана инновация-2018” конференциясы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ИННОВАЦИЯ-2018” аттуу аймактык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган конференциянын максаты болуп студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын жана жаш илимпоздордун илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу эсептелет. Бул конференцияга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан (ОшМУ, ОГПИ, КМТУ, КГУСТА, КӨУ, ОшМЮИ, ЖАМУ, ЖАЭАУ) 890 илимий баяндама берилип, 9 багыт боюнча 47 секцияда иш жүргүзүлдү.

Конференциянын жыйынтыгында мыкты илимий баяндамалардын авторлору ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть