15:04 26 апреля 2018

"ОшТУ периси-2018" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (фото)

26-апрель күнү Ош технологиялык университетинде тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти жана жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “ОшТУ ПЕРИСИ-2018” сулуулар сынагы болуп өттү.

Иш-чара Ош улуттук драма театрында уюштурулуп, ага Ош шаарынын тургундары, катышуучулардын ата-энелери, окутуучулар жана студенттер күбө болушту.

ОшТУнун факультеттеринен 8 катышуучу калыстар тобунун сынынан өтүштү. Жыйынтыгында 1-орунду  технологиялык колледжинин 3-курсунун студенти Бакытбек кызы Жазгүл, 2-орунду технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин 2-курсунун студенти Ырысбек кызы Айсулуу, 3-орунду экономика жана башкаруу факультетинин 2-курсунун студенти Тажимамат кызы Гулира ээлешип, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга окуу жай тарабынан эс алып келүү үчүн жолдомолор, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть