15:43 26 апреля 2018

БГУнун профессору Т.Шаймергенованын 55 жылдык илимий жана педагогикалык ишмерлигине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

2018-жылдын 26-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде “Кыргыз Республикасында китепкана-маалыматтык билим берүү: азыркы абалы жана келечеги” аттуу БГУнун профессору Тамара Айдаркуловна Шаймергенованын 55 жылдык илимий жана педагогикалык ишмерлигине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ишине БГУнун ректору, профессор А.И.Мусаев, Билим берүү жана илим министрилигинин статс-катчысы Ж.А.Ташиев, КР жалпы элдик китепканалар ассоциациясынын президенти, А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын директору, профессор Ж.К.Бакашева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Республикалык балдар китепканасынын директору Р. К.Султангазиева, “Библиопульс” журналынын башкы редактору А.Б.Сабырбекова, КРнын Президентинин архивинин директору Т.Досалиев, университеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

БГУнун ректору А.И.Мусаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Т.А.Шаймергенова китепкана боюнча билим берүүнүн ири адиси экендигин баса белгилеп кетти. "Шаймергенова өлкөдө китепкананын өнүгүү жолунун башатында турган. Ал бул ишке 55 жыл ишмерчилик өмүрүн гана арнабастан, жалпы эле педагогикалык жана илимий иштердин өнүгүшүнө көп эмгек сиңирген. Анын өзүнүн кесибине болгон терең сүйүүсү жана берилгендиги бардыгыбызга сабак болушу керек. Шаймергенова бүгүнкү күндө да өзүнүн билимин жана бай тажрыйбасын жаштарга берүү менен биздин өлкөнүн маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошууда", - деди ал.

Башка чыгып сүйлөгөндөр да анын эмгекчилдигин жана чыгармачылык күч-кубатын белгилешип, жүрөктөн чыккан куттуктоо сөздөрүн айтышты. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ичинен жападан жалгыз БГУда гана социалдык маалымат жана документология боюнча кафедра иштейт.

Чыгып сүйлөгөндөр Т.А.Шаймергенованын республиканын китепканалары жана архивдери үчүн жогорку адистиктеги кадрларды даярдоодо кошкон эбегейсиз зор салымын айтуу менен илим-билим тармагын өнүктүрүү менен өлкөнүн эл чарбасынын түрдүү чөйрөсүндөгү иштерге активдүү катышып келди. Буга мисал катары республиканын ички иштер министрлигинин “Датка айым” аттуу атайын медалы менен сыйлангандыгын айтсак болот.

Бул өтүп жаткан иш-чаранын чегинде Кыргыз Республикасынын китепканачыларынын коомдук бирикмелери тарабынан БГУнун окутуучулары Э.Нуркулова менен Г.Мукамбетовага китепкана иштерин өнүктүрүүгө жана бул тармактагы адистерди даярдоого кошкон салымдары үчүн “Китепкана жылдызы” аттуу медалдары тапшырылды.

Шаймергенованын мааракесинин урматына студенттер жана келечектеги китепканчылар менен журналисттер тарабынан уюштурулган чоң концерт берилди. Бул эл аралык илимий-практикалык конференция 27-апрелде аяктайт. Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасында китепкана иштерин өнүктүрүүнүн келечеги жана анын азыркы абалы боюнча баяндамалар менен чыгып сүйлөшүп, практикалык иштерди жүргүзүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть