8:37 28 апреля 2018

ОшТУда «Arduino жана жөнөкөй сенсордук башкаруу» боюнча мастер-класс өткөрүлдү

ОшТУнун Технологиялык колледждинин студенттерине башталгыч үйрөнүүчү «Arduino жана жөнөкөй сенсордук башкаруу» боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Фулбрайт программасынын алкагында келген Америкалык изилдоочу Доктор Курт Шергерс, «Ар дүйно жана жөнөкөй программалык башкаруу» боюнча Ош технологиялык колледждин студенттери үчүн англис тилинде мастер-класс өттү.

Мастер-класста доктор Шургерс жаны үйрөнүүчүлөргө Arduino жана жөнөкөй сенсордук башкаруу боюнча схемаларды ар кандай керектүү тетиктерди колдонуу менен жыйноону, туташтырууну жана жыйынтыкка жетишүүнү тааныштырды. Студенттер көрсөтмө менен таанышкандан кийин өз алдынча иштешип, жыйынтыгын көрүштү. Схемалар жөнөкөйдөн башталып, тетиктерди кошуу аркылуу татаалданып, жаңы функцияларды жаратышты. Программанын негизинде жөнөкөй системалык башкаруу ыкмаларын колдонуу менен татаал функцияларга Arduino аркылуу сенсордук башкарууга жетишишти. Студенттер иш чарага активдуу катышып, өздөрү аткарган жумуштардан таасирленишти.

Иш чаранын акырында доктор Курт Шергерге жана волонтер Майкка ыраазычылык билдирип, мындай мастер класстарды дагы күтүшөөрүн билдиришти. Иш чарага “Информатика, программалоо жана байланыш” кафедрасынын башчысы Меңди Арзыбаева жетектеген 16 студент катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть