8:13 28 апреля 2018

ОшМУда “Кыргыз-Өзбек адабияты − достуктун алтын көпүрөсү!” аттуу көркөм-адабий кече болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде 26-апрель күнү “Кыргыз-Өзбек адабияты − достуктун алтын көпүрөсү!” аттуу көркөм-адабий кече болуп өттү. Кече КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулду.

Көркөм-адабий кечеге келген улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлүк достук байланышы боюнча Өзбекстан Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Комолиддин Ишонходжаев, улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлүк достук байланышы боюнча Өзбекстан Республикасынын министрлер кабинетинин башкы адиси Феруз Беков, Өзбекстандагы кыргыз маданий борборунун төрагасы Рахматулла Джаббаров, Өзбекстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Өзбекстан улуттук университетинин доцентти Ахмаджон Мелибоев, Өзбекстан жазуучулар союзунун мүчөсү, “Шарк юлдузи” журналынын башкы редактору Сирожиддин Раупов, Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын элчисинин кеңешчиси Улугбек Абдуяминовдор жолугушуу кечеде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун адамзатка калтырган мурастары, чыгармаларындагы катылган ойлор, таасирлер боюнча айтышып, Чынгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, жалпы адамзаттын жазуучусу экендигин белгилеп өтүштү. Ошондой адабий-музыкалык кечеге күбө болушту.

Кеченин соңунда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Өзбекстандан келген делегациянын ар бирине Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” чыгармасын жана значогун белек кылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть