11:36 28 апреля 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык юбилейи белгиленүүдө

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык юбилейи белгиленүүдө. Салтанаттуу мааракеге Жогорку Кеңештин депутаты Эгембердиев Максат, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбаелдиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмер Абдыжапар Тагаев, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын, республикадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору жана башка өкүлдөрү катышууда.

Андан сырткары педагогика учурунда эмгектенген ардагер окутуучулар, университет катары түзүлгөндөн баштап ректор кызматын аркалаган экс-ректорлор, ЖАМУда иштеп башка жака которулуп кеткен окутуучулар, бүтүрүүчүлөрү кадырлуу конок катары катышууда.

Салтанаттуу жыйындын биринчи бөлүгү АТФнын имаратында болуп, кызматкерлер тарабынан көргөзмөлөр жана “Маданий эстетикалык” борбордун кызматкерлеринин чыгармачылык концерти менен коштолду.

Ал эми иш чаранын экинчи күнү 28-апрелде “Күчтүү университет, өнүккөн регион, кубаттуу мамлекет” аттуу илимий конференция менен жыйынтыкталат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть