11:44 28 апреля 2018

Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышышты

2018-жылдын 27-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунунун түзүлгөндүгүнүн 25жылдыгына карата Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттуу жыйынга К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү да катышты. Кыргызпатенттин төрагасынын м.а. С.Ш.Байзаков интеллектуалдык менчиктин мааниси, жетишкендиктери жана келечеги тууралуу сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри А.С.Омурбекова куттуктоо сөз сүйлөп, сыйлыктарды тапшырды.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору Г.Т.Ботоканова кыргыз элинин салттуу билимдерин жандандырууга кошкон зор салымы үчүн жана КУАУнун илим бөлүмүнүн илимий кызматкери, айыл чарба илимдеринин кандидаты Т.Ж.Ызаканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин “Грамотасы” менен сыйланышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть