13:54 28 апреля 2018

ЖАМУнун эки окутуучусу Жогорку Кенештин ардак грамотасы менен сыйланды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык юбилейи белгиленүүдө. Аталган мааракеге Жогорку Кеңештин депутаты Максат Эгембердиев конок катар катышты.

М. Эгембердиев ЖАМУнун жалпы кызматкерлерине жана студенттерине ийгиликтерди каалап, аймактарды өнүктүрүүгө арналган иштер алгачкылардан болуп аталган окуу жайда башталганын баса белгиледи. ЖАМУ жаңылыктын жарчысы, илим, билимдин ордосу болуп, алгачкы жогорку окуу жай болгондугун тарых тастыктоодо. Бир катар чыгаан уул-кыздар тарбияланып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууда деп билдирди.

Андан соң ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун куттуктоосун айтып өттү. Аны менен катар эле ЖАМУнун кызматкери экономика илимдеринин доктору, профессор Аманкул Зулпукаров, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айтмамат Оморов илимдеги жетишкен ийгиликтери үчүн Жогорку Кеңештин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть