15:30 28 апреля 2018

ЖАМУ алгачкы окуу жайлардан болуп алтын медалга татыды

ЖАМУнүн түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын президенти, профессор Камчыбек Кожогулов куттуктап, академиянын сыйлыгын тапшырды.

“Күчтүү университет болуш үчүн анда күчтүү профессордук-окутуучулук курамы эмгектенүүсү абзел. Ал үчүн илим тармагында изилдөөлөрдү байма-бай жасап, ачылыштардын ээси болуу керектелет. Бул тармакта ЖАМУнун эмгек жамаатынын эмгеги зор. Жыл өткөн сайын изденүүчүлөрдүн, илимпоздордун саны арбып барат. Мындай мугалимдер күчтүү студенттерди тарбиялап, региондордун өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошоору айтпаса да белгилүү", – дейт К.Кожогулов.

ЖАМУга инженердик кадрларды даярдоодогу кошкон зор салымы үчүн КРнын Инженердик академиясынын “Инженердик даңк” алтын медалы ыйгарылды.

"Мындай медал биринчилерден болуп сиздердин университетиңиздерге тапшырылууда. Буга чейин республикадагы бир дагы окуу жайга ыйгарыла элек болчу", - деп кошумчалады ал.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть