Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесинде 4 мугалим КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ болушту.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков окуу жайдын жалпы эмгек жамаатын маараке менен куттуктап, алардын иштерине жана үй-бүлөсүнө ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой эле Билим берүү министри Гулмира Кудайбердиеванын куттуктоосун мааракенин катышуучуларына окуп берди. “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси төмөнкү мугалимдерге тапшырылды;
- Акматов Султан – “Энергия булактары, энергетикалык системалар жана механика” кафедрасынын улук окутуучусу,
- Атабекова Шарапаи – “Тарых” кафедрасынын окутуучусу,
- Шерипбаев Амангелди – “Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика” кафедрасынын улук окутуучусу,
- Мамырова Тинатин – Кара-Көл колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары.
Ал эми Билим берүү жана илим министринин Ардак грамотасы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланды;
- Темиров Немат – “Гигиена жана эпидемология” кафедрасынын башчысы, доцент,
- Мурзалиев Манас – Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн “Америка ордосу” боюнча башкы адис,
- Бекмуратова Адина – “Орус филологиясы” кафедрасынын окутуучусу.