28-апрелде Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында «Кош жылдыз» теледолбоорунун кезектеги концерттик программасы болуп өттү.
Теледолбоорго ар тармактан 10 жуп катышуучу катышып, алар маданият кызматкерлери менен биргеликте дуэт аткарышты.
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айнура Муратова белгилүү ырчы Тариель Токмергенов менен сөзү Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин Музыка кафедрасынын башчысы Кубатбек Жакыповго, ал эми обону обончу, ырчы Айбек Карымовго таандык «Дил кайрык» аттуу чыгарманы аткарышты.
Программанын жүрүшүндө калыстар тобунда калыстык милдетин аркалаган белгилүү опера ырчысы Сталбек Стамов, ырчы Токтобүбү Черикчиева жана куудул Борончу Кудайбергеновдор КМУнун кызматкери А.Муратованын окутуучулук ишти аркалап жатса да, маданияттын мыкты кызматкерлеринен кем калышпай, сахнада өзүн эркин алып, үнүнүн мукамдуулугу жана актердук чеберчилиги менен башкалардан айырмаланып турарын алдын-ала айтышкан эле.
Кеченин соңунда бардык катышуучулар сахнага чакырылып, арасынан эң мыкты деген 6 жуп финалга тандалды. Алардын арасында И.Арабаев атындагы КМУнун кызматкери, ага окутуучу Айнура Муратова да финалга жолдомо алды.
Педагогика факультетинин деканы, п.и.к., профессор Жоомарт Байсалов ар дайым өзүнүн жамаатына ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Бүгүн да кечеге Жоомарт Усубакунович кесиптештери менен келип, А.Муратовага дем-күч берип, кеченин аягына чейин колдоп олтурду жана ректор, профессор Т.Абдырахмановдун атынан теледолбоордун кызматкерлерине ыраазычылык сөзүн билдирди.
Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков, долбоордун жетекчиси Калипа Сейдалиева КМУнун ректору Т.Абдырахмановго маданият тармагына зор салым кошуп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Аягында катышуучулар «Кош жылдыз» аттуу ырды аткарышты.