14:22 2 мая 2018

ЖАМУнун бир катар кызматкерлерине өкмөт тарабынан сыйлыктар тапшырылды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине карата бир катар кызматкерлер КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Иш-чарага КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышып, куттуктоо сөзүн айтты. “Кыргызстаныбызды өнүктүрүү үчүн илимдүү, кесипкөй адистерге ар убак муктажбыз. Келечектин кадрларын талыкпастан даярдап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуудасыздар. Сиздер мөмөлүү дараксыздар, жаштыгыңыздарды, ден соолугуңуздарды арнап келесиздер. Ар убак башымды ийип таазим этем, ардактуу агай-эжелер!", – деди ал.

Андан соң төмөнкү кызматкерлерге Ардак грамота тапшырды:

Айтикеев Нурлан – Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн усулчусу,

Бакалаева Лайликан – Медицина колледжинин окутуучусу,

Култаева Розакан – Китепкана-маалымат борборунун директору,

Мусакулов Нурбек – Экономика-юридикалык факультетинин “Каржы жана кредит” кафедрасынын окутуучсу,

Сайпидинов Садирдин – Медицина факультетинин имаратынын коменданты,

Сакиева Сайипжамал – Педагогика, маалыматтар технологиясы факультетинин “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын башчысы,

Темирова Аида – Окуу бөлүмүнүн адиси,

Термечикова Алтынкан – Маалымат технологиясы жана компьютердик техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы,

Тобокелова Саламат – Жалал-Абад колледжинин “Педагогика” бөлүмүнүн башчысы,

Токурова Айдайкан – “КДЭФ жана журналистика” кафедрасынын ага окутуучусу,

Чоюбекова Күлзина – ЖАМУнун эсепканасынын эсепчиси.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть