Н.Исанов атындагы КМКТАУда «Таза жашоо» долбоорунун алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш-чарасы улантылууда.
Жалпысынан көчөт отургузуу, гүл себүү үчүн атайын жерлер даярдалып, университетти курчап турган аймактары өзгөчө кооздолуп, жаңы нукка бурулуп, оңдолуп-түзөлүүдө.
Аталган иш-чарага окутуучулар жамааты, студенттер жана чарбалык-тейлөө кызматкерлери жигердүү катышууда. «Келечекте биз баарыбыз бак-дарак отургузуу жана жашылдандыруу иштерин улантуу менен университетибизди дагы да көрктөндүрүп, көркүнө-көрк кошобуз!» деп өз оюн Каржы-экономика жана чарбалык ишмердүүлүк боюнча иш боюнча проректор, т.и.к.,доц., Жолболдуев Памирбек Бакыевич билдирди.
Быйылкы 2018-жылдагы көрктөндүү иш-чараларынын өзгөчөлүгү – университетибиздин «ПГС» жана «ГСХ» адистигинин бүтүрүүчүлөрү «Ар бир бүтүрүүчүдөн – бирден бак» деген девиз менен окуу имараттарынын айланасына бак-дарактардын көчөттөрүн өз колдору менен тигип, Бишкек шаарынын (Фрунзе) мурдагы «жашыл шаар» деген сыймыктуу аталышына төп келгидей кылууга өз салымдарын да кошушту.