13:08 3 мая 2018

ЖАМУда “Күчтүү университет – өнүккөн аймак, кубаттуу өлкө” аталышындагы Эл аралык илимий–практикалык конференция өттү

Жалал–Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдыгына жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата “Күчтүү университет – өнүккөн аймак, кубаттуу өлкө” аталышындагы Эл аралык илимий–практикалык конференция 28-апрелде болуп өттү.

Конференцияга УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү, жогорку окуу жайлардан чакырылган окумуштуулар, ЖАМУнун профессор–окутуучулары, студенттер катышты.

Конференция ЖАМУнун илимий иштери боюнча проректор, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С.Алыбаевдин сөзү менен ачылып, КРнын Гимни жаңырды.

ЖАМУнун ректору, инженердик академиянын академиги, КРнын илим жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, тарых илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек “ЖАМУга 95 жыл” аталышында баяндама жасады.

Илимий баяндамалар:

Токторалиев Б.А. – УИАнын академиги «Кыргыз Республикасындагы илимдин абалы»;

Панков П.С. – УИАнын корреспондент–мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор «Математические и компьютерные модели естественных языков»;

Алымкулов К.А. – УИАнын корреспондент–мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор «Кыргыз тилинин грамматикасында жана сөздүктөрдө жаксыз этиштердин жок болуп калышы жөнүндөгү маселе»;

Кененсариев Т.К. – тарых илимдеринин доктору, профессор «Алтай тектүү элдердин Евразия тарыхындагы орду»;

Момуналиев С. – педагогика илимдеринин доктору, профессор «Ч.Айтматовдун чыгармаларын окутуунун айрым маселелери»;

Токтогулова Г.Т. – физика илимдеринин кандидаты, доцент «Жалал-Абад – билим башаты».

Окулган баяндамалар боюнча суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

6 секция иш алып барып, 89 баяндама окулду.

1–секция: «Математика жана физика», 19 баяндама окулду;

2–секция: «Техника», 21 баяндама окулду;

3-секция: «Педагогика», 13 баяндама окулду;

4-секция: «Экономика», 11 баяндама окулду;

5-секция: «Социалдык иш», 18 баяндама окулду;

6-секция: «Филология», 7 баяндама окулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть