11:23 8 мая 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Аялзат» фольклордук тобунун концерти болуп өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 7-май күнү “Аялзат” фольклордук тобунун концерти болду. Концерт аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюшулган.

“Аялзат” фольклордук тобу жаштарга арнап, концерттик программада унутта калган ыр-бийлерди аткарышды. Фольклордук тобунун жетекчиси Анаркүл Машаева: - Жаштар биздин келечегибиз, аларга туура тарбия берип, келечекке жакшы багыт берүү менен гана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзө алабыз. Азыркы муун жылдар өтүп, убагы келгенде биздей эне, чоң апа болушат. Ошондо өз балдарына татыктуу тарбия берип, кыргыздын кылым карыткан салт-санаасын колдоно билүүсү абзел. Ар дайым акыйнек айтышып, коомчулукту сөз менен тарбиялоого аракет кылып келебиз. Анткени кыргыз элинин макал-лакап, учкай сөздөрүндө философиясы терең, тарбиялык мааниси зор сөздөр камтылган – дейт Машаева.

 “Аялзат” фольклордук тобу 2009-жылы түзүлүп, анын курамында 14 айым ырдап келет. Апалардын алды алтымыштан ашып калса, сексенге сереп салгандары да бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть