16:27 8 мая 2018

ЖАМУнун 10 окутуучусу Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата веложүрүшкө чыгышты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 10 окутуучусу Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аталышындагы веложүрүшкө чыгышты.

Веложүрүшкө шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Велосипедчилер калаа четинде жайгашкан “Байэль” базарынан “Эркиндик” аянтына чейин жүрүш жасашты.

"Өз жанын аябай, каардуу согушка катышып, бизге бакубат жашоону, эркиндикти ыроологон аталарыбызга терең таазим этебиз. Кийинки муун алардын эрдигин эч качан унутпайт", – дешти жүрүшкө катышкан ЖАМУнун окутуучулары.

Ал эми аталган веложүрүш шаардык мэрия тарабынан Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата уюшулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть