15:02 10 мая 2018

ЖАМУнун мугалимдери менен студенттеринин катышуусунда Жалал-Абадда «Өлбөс полктун» жүрүшү болду

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жүрүшү болду. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, проректорлору, декандары, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Жөө жүрүш “Байэль” базарынан “Жеңиш” эс алуу багына карай болду. ЖАМУнун жалпы жамааты жана студенттер кандуу апаатта курман болгон чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, эс алуу багындагы өчпөс отко гүл чамбарларды коюшту.

Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы кайтпай калган. Азыркы тапта фронтто согушкан 7 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке эмгеги менен салым кошушкан 8 ардагерлер калды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть