16:47 10 мая 2018

ОшМУнун 2 окумуштуусу Батыш Чех университетинде окуу-илимий сапарда болуп келишти

Ушул жылдын 22-апрелинен 30-апрелине чейин ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында ОшМУнун тарых факультетинин деканы тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.А.Смадияров жана “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын башчысы тарых илимдеринин кандидаты, профессор Т.Д.Кадыров Батыш Чех университетинде (Пльзен ш.) болуп, аталган университеттин философия факультетинин тарых, археология, герман жана славян тилдери кафедраларынын студенттерине, магистранттарына жана аспиранттарына Көчмөндөр цивилизациясы, Батыш Түрк каганатынын саясий жана маданий тарыхы, Борбордук Азиянын байыркы түрк доорундагы маданияты, Ош жана Өзгөн шаарларынын тарыхы боюнча лекция окуп, сертификатка ээ болуп келишти.

“Илимий сапар учурунда Батыш Чех университети, анын факультеттери, андагы окуу жараяны, ошондой эле Пльзен шаарынын, Батыш Богемиянын маданияты, тарыхы, тарыхый эстеликтери менен таанышып, руханий жактан бир топ байып келдик”, - деди ОшМУнун тарых факультетинин деканы С.А. Смадияров.

Белгилей кетсек, ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосундагы түзүлгөн өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге ылайык, эки университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер академиялык алмашуу программаларына ылайык алмашып билим, тажрыйба алышып, конок лекцияларды өтүп келе жатышат.

Пльзен шаарында орун алган Батыш Чех университети 1991-жылы сентябрь айында негизделген. Анда 5 факультет болгон. Азыркы учурда университетте 9 факультет, 2 институт, 4 илимий изилдөө борбору бар. 200 окуу программасы боюнча 12 миң студент билим алат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть