9:52 11 мая 2018

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде аскердик-патриоттук ырлардын кароо-сынагы өттү

Автор: Пресс-служба

Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети «Улуу Жеңиштин өчпөс жарыгы» аталышындагы аскердик-патриоттук ырлардын кароо-сынагын өткөрдү. Кароо-сынакка Каракол шаарындагы мектеп окуучуларынан тартып, жогорку, орто окуу жайдын студенттерине чейин катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Кароо-сынактын негизги максаты - жаштарды Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөө, Ата Мекендик согушта баатырлардын эрдиктерин даңазалоо, ыймандуулукка, адептүүлүккө шыктандыруу болуп саналат.

Сынак 2 турдан болду. Биринчи турдан иргелип алынган катышуучулар, экинчи турдагы тапшырмалар боюнча сынакка катышышты. Жеке аткаруучулук, вокалдык ансамбль, автордук аткаруучулук жана ырларды инсценировкалаштыруу номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Конкустун шартында ырлардын тематикаларына көңүл бурулду. Улуу Ата Мекендик согуш темасын чагылдырган, баатырлык ишкердүүлүктөрдү баяндаган, патриоттук багыттагы ырлар гана конкурстун шартында каралган. Катышуучулардын аткаруучулук чеберчилиги, костюмдары, театрлаштырылган сценка, хореографиясы калыстар  тобу тарабынан тыкыр каралып чыкты.

Эки турда жеңишке ээ болгон 1-2-3-орундарды камсыз кылган катышуучулар 9-майда өткөн областтык масштабдагы чоң программадагы  Гала концертке жолдомо алып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть