Нарын районуна караштуу Рысбек Усубалиев атындагы орто мектебинде Жеӊиш күнүнө карата «Эч ким, эч качан унутулбайт!» деген темада мугалим Ахметалиева Гүлназ 6-класстын окуучулары менен биргеликте кече өткөрдү. Бул тууралу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Саламат Абдыбилиев маалымдады.
Анын айтымында, кечеде Жеӊиш күнүнө карата ырлар, сахналаштырылган көрүнүштөр, бийлер аткарылды. Ошондой эле атайын слайд көргөзүлүп, согушта курман болгондор эскерилди.
Мындан сырткары, 8-класстын окуучулары жана класс жетекчиси Аманкулова Аида айылдын сыймыктуу аксакалы, Улуу Ата Мекендик Согуштун баатыры Өмүралиев Азык атанын үйүнө барып, жардам көрсөтүштү. Алар Азык ата менен маектешип, анын ак батасын алып кайтышты.