2018-жылдын 11-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 85 жылдык мааракесине аргналган салтанат болуп өттү.
Салтанатты КУАУнун ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Р.З. ачып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Иш-чарага: КР Президенти С.Ш. Жээнбековдун кеңешчиси Азыранкулов А. Ж. , Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Боронов К. А., Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Акматов Т. А. , коомдук ишмер Ашыралиев К.. Ж., КМШ өлкөлөрүнүн агрардык университеттеринин ректорлорунун кеңешинин төрагасы, Казак улуттук агрардык университетинин ректору, Россия илимдер академиясынын, Казак улуттук илимдер академиясынын академиги Есполов Т.И., Кытай айыл чарба университетинин Вице-президенти Киян Ксюжун, Япониянын Жайка агенствосунун алкагында “Сүт өндүрүү” боюнча долбоорунун башкы кеңешчиси Шимохиро Ицуо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жогорку окуу жайдарынын ректорлору, университеттин бүтүрүүчүлөрү, профессор-окутуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.