16:06 14 мая 2018

Улуу акын Сооронбай Жусуев эскерилет

2018-жылдын 15-майында Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектурa университетинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнө карата адабий кече өткөрүлөт.

Аталган кечеге КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын, КР эл өкүлдөрү, Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КР улуттук Жазуучулар бирикмесинин өкүлдөрү катышмакчы.

Адабий кеченин күн тартибинде: КРнын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевди эскерүү, акындын чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуу, обондуу ырларынан аткаруу мерчемделген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть