9:02 16 мая 2018

ОшМУнун дагы бир таланттуу студенти алгачкы тушоо кесүү концертин берди

Ош мамлекеттик университетинде 14-май күнү Орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенти, университеттин “Алтын үн” номинациясынын ээси Жумабек уулу Элчибектин “Жыйырманчы жаз” аттуу алгачкы тушоо кесүү концерти болуп өттү.

Кечеге университеттин окутуучулук курамы, студенттер, Жумабек уулу Элчибектин жакындары, ыр күйөрмандары катышышты.

Аталган кечеге катышкан ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков университеттин таланттуу ырчы студенти Элчибекти чыгармачылык кечеси менен куттуктады, ошондой эле университет тарабынан дайыма изденген билимдүү, таланттуу, аракетчил жаштарга колдоо көрсөтүлүп, таланттарынын тапталышына салым көрсөтүлүп келерин айтты.

Кечеде Жумабек уулу Элчибек “Таланттар академиясынын”, “Жигер” чыгармачылык борборунун чыгармачыл жаштарынын коштоосунда көңүл толкуткан обондуу ырларды ийинине жеткире аткарып, көпчүлүктүн ак батасын алды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть