16:26 16 мая 2018

Агрардык университетте агрардык билим берүүнүн азыркы абалы талкууланды

2018-жылдын 16-майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 85 жылдык мааракесине арналган «Аграрное образование и наука в условиях глобальных вызовов (климатические изменения, потери биоразнообразия, экология, снижение продовольственной безопасности)» аттуу эл аралык илимий – практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга: Кыргыз Республикасынын, КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынан 90дон ашык илимий макалалар келип түштү. Илимий макалалар КУАУнун Жарчысына жарык көрдү.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдынкы профессор – окутуучулары, жаш окумуштуулары КР Билим берүү жана илим, КР Айыл, суу чарба, тамак-аш өнөржай министрликтеринин жана ведомстволордун сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле, “Баракелде – 2018” кароо – сынагынын жана спорт боюнча Спартакиаданын жана Универсиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Поделись реакцией: Муж. Жен.
Улыбка
Грусть
Удивление
Злость
Необходимо авторизоваться
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up