17:31 17 мая 2018

Илимдин алптары ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы илим тармактарынын академиктери менен жолугушту.

Жолугушууга филология илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун мурунку ректору Жамгырбек Бөкөшов, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Илимдер Академиясынын академиги Бөрүбаев Алтай Асылканович, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жанкороз Каниметов жана мамлекеттик жана коомдук ишмер, котормочу, адабий сынчы Осмонакун Ибраимов конок катары келишти.

Коноктор менен окуу жайдын жалпы жамаатынын ортосунда баарлашуу болду. ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов мындай илим чөйрөсүндө алп орду бар инсандар окуу жайга келип, ЖАМУнун жамааты менен пикир алмашканы чоң сыймык экенин айтты.

Ал эми ЖАМУнун мурунку ректору Жамгырбек Бөкөшов менен Илимдер Академиясынын академиги Алтай Бөрүбаевге ЖАМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Ошондой эле алар окуу жайдын жетишкендиктери, окуу-базалык техникалары жана имараттар менен таанышуу экскурсиясында болушду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть