10:31 18 мая 2018

ОшМУнун студенти, жаш акын Маматали кызы Бүкалчанын чыгармачылык кечеси тартууланды

17-май күнү ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун мүчөсү Маматали кызы Бүкалчанын “Оттуу ирмемдер” атуу ыр жыйнагынын ачылуу аземи болуп өттү.

Кечеде “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун таланттуу студенттери тарабынан Бүкалчанын ырларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, сахналык көрүнүштөр, обондуу ырлар көрүүчүлөргө тартууланды.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков: “Бүкалча позитивдүү акын катары башкаларга окшобогон ички туюмун кыргыздын нукура көөнө сөздөрү менен окурманга эркин жеткирип бере алган, өсүп келе жаткан жаш акын кыздарыбыздын бири экендигин бүгүнкү кечеден көрсөтө алды. Мындан ары да чыгармачылыгың артып, ыр куржунуң ырга толсун, чыгармачылык жолуң дайым ачык болсун”, - деп университеттин Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыгын тапшырды.

Мындан сырткары, кечеге жазуучулар союзунун Ош шаарындагы төрагасы, акын Турабай Жороев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, акын Манап Алиев, Ноокат районун Н.Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Асанов, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат Турганбаевдер жаш акынга ийгиликтерди каалашты.

Буга чейин Бүкалча апрель айында Р.Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган "Жаштык ыры" аттуу студенттик поэзия кечесине ОшМУнун атынан катышып келген.

Поделись реакцией: Муж. Жен.
Улыбка
Грусть
Удивление
Злость
Необходимо авторизоваться
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ОшМУнун дагы бир таланттуу студенти алгачкы тушоо кесүү концертин берди

ОшМУда III Бекбоевдик жана Х Назаровдук окууларга арналган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду

ОшМУда акын жана котормочу Карбалас Бакировдун "Илинген ирмемдер" аттуу чыгармачылык кечеси тартууланды

Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган кечеде жазуучунун чыгармалары кыргыз, кытай тилдеринде жаңырды

ОшМУнун 2 окумуштуусу Батыш Чех университетинде окуу-илимий сапарда болуп келишти

Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up