19:41 18 мая 2018

Мугалимдер Бишкек шаарындагы орто мектептерден педагогикалык практика өтөп келишти

2017-2018-жылдын окуу планынын негизинде белгиленген график боюнча, КМУнун педагогика факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн 3-4-курстарынын студенттери 2018-жылдын 19-мартынан 5-майына чейин профессионалдык-профилдик практикасын Бишкек шаарынын №5, №11 мектеп-гимназияларында жана №178, №184 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, ал эми “Логопедия” профили боюнча №85, №117,№122, №124, №126, №134 атайын бала бакчаларда өтөп келишти.

Педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы ар жыл сайын 16-майда №3 корпустун чоң жыйындар залында өткөрүлүп келет.

Быйылкы жылдын педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык практика боюнча жетектөөчү өкүлдөрүнүн, бардык педагог-методисттеринин жана 2-3-4-курстардын студенттеринин катышуусунда өттү.

Студенттер профессионалдык-профилдик практикада аткарган иштеринин фрагменттерин учурдун талабына ылайыкташтырып, заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен сабактарды жана тарбиялык иштерди жандуу көрсөтүп беришти. Ошондой эле педагогикалык практика учурунда жасаган көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Жыйынтыктоочу конференциянын жүрүшүндө тайпалар арасында конкурс уюштурулуп, 1-орун 4-курстун студенттерине, ал эми 2-орун 3-курстун студенттерине ыйгарылды.

Жыйынтыгында, Атанаев Токтосун Бегалиевич сөз сүйлөп, конференция жогорку деңгээлде өткөнүн жана мындай конференцияларды чоң масштабда башка факультеттерге жайылтуу керек экенин белгилеп, факультетке, факультеттин деканы Жоомарт Усубакунович Байсаловго, педагогикалык практиканын координатору Мина Каласалиевага ыраазычылык билдирди.

Конференцияда факультеттин, мектептердин атынан алдыңкы студенттерге жана алдыңкы тайпаларга Ардак грамоталар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть