9:02 19 мая 2018

ЖАМУда Ачык эшиктер күнү өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 18-май күнү "Ачык эшиктер күнү” акциясы өткөрүлдү. Акцияга жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган жаштар, алардын ата-энелери жана мектептердин мугалимдери катышты.

Мындай иш-чара ар жылы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү максатында уюшулуп келет. Бул күнү 9-11-класстардын мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖАМУга караштуу Жалал-Абад колледжинин, Медициналык колледжинин жана факултеттердин материалдык-техникалык базасы, окуу процесси, профессор-окутуучулар курамы, студенттер контингенти, коомдук-маданий-спорт иш-аракеттери менен таанышышты. Алар үчүн бул максатта окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы атайын көргөзмөлөрдү, экскурсияларды уюштурган.

Окуу иштери боюнча проректор Атабек Алибаевя: “Биздин окуу жайда 6 факультет, 6 колледж, 2 институт, 40 кафедрада жогорку жана орто кесиптик 58 окуу программалары боюнча билим берет. Андан сырткары, 20дан ашык илимдин доктору, профессорлор, 100дөн ашуун кандидаттар эмгектенет. Сиздер да биздин окуу жайдан билим алып, аны даңазалоого өз салымыңыздарды кошосуздар деген ишеничтебиз”, - деген оюн айтты.

Ошондой эле акциянын катышуучуларына ЖАМУнун “Маданий эстетикалык” борборунун чыгармачыл жамааты концерттик программа тартуулады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть