4:17 20 мая 2018

ОшМУда Анжыян көтөрүлүшүнүн 120 жылдыгына карата илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин тарых факультети тарабынан 18-май күнү Анжыян көтөрүлүшүнүн 120 жылдыгына арналган “Анжыян көтөрүлүшү: Орусотор саясатына каршы азаттык кыймылдардын башталышы жана анын проблемалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех.и.д., профессор Идирис Кенжаев ачып, жыйынга катышып жаткан окумуштуулардын ишине ийгилик каалады.

Ошондой эле тегерек столго катышып жаткан окумуштуулар, коомдук ишмерлер т.и.к, профессор Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, т.и.д., профессор, "Водийнома" журналынын баш редактору Р. Шамсутдинов, т.и.д., профессор, АнМУнун илимий иштер боюнча проректору Б. Расулов , ф.и.д., профессор П. Равшанов, т.и.к., профессор Ж. Адилбаевдер куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Жыйында окумуштуу КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, т.и.д., профессор Т.К. Кененсариев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен т.и.д., профессор Т.К. Чоротегин, Кыргыз-Түрк Манас университетинен т.и.к., доцент Р.А. Абдыкулова, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен т.и.к., доцент Э.А. Авазов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун илимий кызматкери Т.К. Арзыбаев, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык экономика жана ишкердик университетинен т.и.к., профессор Ж.А. Дүйшеев, Талас мамлекеттик университетинен т.и.к, доцент М. Жусупова, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен т.и.к., доцент А.К. Каниметов, Ош мамлекеттик юридика институтунан изилдөөчү Токтакун кызы Г., Жалал-Абад мамлекеттик университетинен ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова, Ош мамлекеттик университетинен т.и.к., доцент С.А. Смадияров баяндамадарды жасашып, талкуулар менен коштолду.

Иш чаранын алкагында т.и.к., доцент Эрнис Авазовдун “Анжиян көтөрүлүшү: Фергана өрөөнүндөгү азаттык күрөштөрүнүн тарыхынан” аттуу монографиясынын бет ачары болду.

Жыйындан соң чет элдик коноктор үчүн Ош шаарынын тарыхый жайларына жана ОшМУга саякат уюштурулду.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть