12:47 21 мая 2018

Даңазалуу казак кашкөй акыны Магжан Жумабаевдин 125 жылдыгына арналган эл аралык иш-чара болуп өттү

Түрк маданияты эл аралык уюму "Түрксой" тарабынан «2018-жыл – Магжан Жумабаев жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу, 17-майда университетте даңазалуу казак кашкөй акыны Магжан Жумабаевдин 125 жылдыгынын урматына арналган эл аралык иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын башталышында кыргыз, казак элдеринин мамлекеттик гимндери жаңыртылды.

Эл аралык жыйындын расмий бөлүгүндө профессор, КМУнун ректору Т.Абдырахмановго, профессор, Түрксой уюмунун баш катчысынын орун басары Фырат Пурташка, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Рымтай Карибжановго куттуктоо сөзү берилди.

Магжан Жумабаев тууралуу тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле илимий баяндамалары менен: профессор, ф.и.д., Казакстан Жазуучулар бирлигинин төрага орун басары Бауржан Жакып, доктор, Түркиядагы Гази университетинин профессору Женгел Хуля Касапоглу, т.и.д., Назира Курбанова, т.и.к., Жумагул Байдилдаев ж.б. чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө казак элинен келген ырчылар, университеттин студенттери тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

«Казак элинин кашкөй акыны Магжан Жумабаевдин 125 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Бир тууган түрк элдеринин достугу, ынтымагы эзелтен жашап келген. Мына бүгүн да улуу акынды эскерүү үчүн кыргыздын чыгаан уулу Ишенаалы Арабаевдин атын алып жүргөн куттуу университетте чогулуп жатабыз. Андыктан, мындай улуу адамдарды эскерип жүрүү бардык түрк элдеринин парзы деп эсептейм», – деди Түркиядагы Гази университетинин профессору Женгел Хуля Касапоглу.

Иш-чаранын соңунда Түрксой уюмунун баш катчысынын орун басары Фырат Пурташ ректор, профессор Т.Абдырахмановго уюмдун атынан атайын сыйлык тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть