17:47 22 мая 2018

«Мен бул жашоону сүйөм» аттуу тегерек отурум Чүйдүн Стрельникова атындагы мектебинде өттү

Автор: Соцпедагог Р.Ибраимова

Чүй облусунун Стрельникова атындагы мектебинде 17-майда айыл аксакалдары, коомчулук, ата-энелер, диний кызматкерлер, аксакалдар сотунун катышуусунда «Мен бул жашоону сүйөм» деген темада тегерек отурум болуп өттү. Ага коомчулуктан 60 адам, 140 окуучу катышты.

Соцпедагог Р.Ибраимованын айтымында, күн тартиби боюнча талкуу жүргүзүлдү.

"Бул жерде сөздүн мааниси жөнүндө айткым келип отурат. Бул турмушта бекер жашап жаткан жерибиз жок. Ошондуктан бул жашоонун бардык нерсесин көрөлү деп турабыз. Бул жашоонун маңызын түшүнүп, мамлекет үчүн эмне кылдым, ата-эне үчүн кызмат кылууга даяр болушубуз керек. Мектепте окуп жаткан бул да силердин жашоо үчүн аракетиңер болуп эсептелет. Наристелердин биринчи ыйы да бул жашоого жасаган биринчи кадамы болуп эсептелет. Жашоонун өйдөсү-төмөнү болот, ошол үчүн да терс жашоого барбоо керек. Суицид деген бул жан кечти дегенди тушундурот. Жашоону жашоодой кылып өткөргүлө, өзүңөргө өзүңөр кол салбагыла деп айткым келет. Жашоону сүйөм деген сөздүн аягына чейин жетип жашагыла", - деди аксакалдар сотунун төрагасы С.Берикбаев.

"Жашоо бул Алла Тааланын бир сыпаты. Алла Таала адамды сүйгөн үчүн тепкичтерди ал өткөрөт. Жаш баланы периште коргойт деп айтат, ошол сыңары, жашоону адам баласы үчүн аманат кылып берет. Дүйнө жүзүндө статистика боюнча 350 адам суицидге барат. Алардын арасында 12-18 жашка чейинкилер. Буга адам жана коом күөөлүү деп келишет. Бирок бардык нерселерде ыймандуулук өтө жогору турат. Адам үйүнөн эмнени көрсө, ошого карата тарбияланат. Ошондуктан бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып жашаш керек. Балдар "зомби" абалына айланып баратышат. Башкача айтканда, терс нерселерди көрүп тарбияланып жатышат. Ата-энелер балдарына калтырган мурас жакшы тарбия болуп келген. Ар нерседен биз өзүбүзгө сабак алышыбыз керек. "Сабырдын түбү - сары алтын" деп, ар бир адам сабырдуу болсок дейм. Жашоодо көзү көрбөгөн сахабалардан жашоо үчүн күрөшкөн, башкача айтканда, жашоону сүйүп жашаган жашоодон сабак алалы, татыктуу жашоого умтулалы", - дейт теология университетинин кызматкери К.Айдарбеков.

"Бүгүнкү столдо бул жашоону сүйүш үчүн мектептен баштап жакшы окушуңар керек. Ошондо чоң-чоң адамдар, белгилүү инсандар болуп чыгасыңар. Эртең эле силер да ата-эне болосуңар, ошол себептен үлгүлүү болгула деп кетем", - деди айылдык кенештин депутаты С.Алыпкачтиев.

"Окуучулар, сиздер менен биз Алла Тааланын кулубуз, анын пендеси болгондуктан, бул жашоону сүйүүгө, татыктуу жашоого милдеттүүбүз. Биз өз максатыбызды туура билишибиз керек. Адам өз жанын өзу кыйган бул киши өлтүрүүдөн да жаман нерсе. Тагдырыбызды Алла Таала берген соң ар бир адам өз акылыбыз менен калчашыбыз керек. "Дин - бул жашоонун тартиби" деп бекеринен айтылган эмес. Адеп-ахлакты оңдомойун, илим да бизге жукпайт. Ошондуктан ар бир адам сабырдуу бололу", - деди айыл аймагын имамы З.Исаков.

"Агайлардын сөздөрүнө кошулам. Жашоого жаралган соң ар бир адамга жашоо сыноо деп берилген. Андыктан окуучулар илим-билимдүү болсоңор, жашоону сүйүүнү өз максатына жеткире аласыөар деп ишенем", - деди мектептин директору С.Каргабаева.

"Жашоодо биз өзүбүз үчүн болбосо да, ата-энелерибиздин сүйүнүчү, бактысы үчүн жашашыбыз керек. Бизде өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар, андыктан баарыбыз тең бир келген жашоону сүйүп, барктап, даңктап жашашыбыз керек деп эсептейбиз", - дешти 11-«А» классынын окуучулары Ж.Нурханова, А.Арстанбекова.

Тегерек столдун катышуучулары бир добуштан төмөнкүдөй чечим кабыл алышты:

1. Ата-энелер жана коомчулук тарабынан окуучулар арасында тарбиялык иштерди жүргүзүү күчөтүлсүн;

2. Ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук балдардын бош убактыларынын пайдаланышына көзөмөл күчөтүшсүн;

3. Жогорку класстардын окуучуларынын сырткы чөйрө менен байланыштары иликтелсин;

4. Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу күчөтүлсүн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть