18:01 22 мая 2018

ОшМУ ЖОЖдорунун рейтинги боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларынын 7 багыты боюнча биринчи, 2 багыты боюнча экинчи орунга ээ болду

Ушул жылдын март айындагы Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу (№02-1/811) менен Казакстандын “Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2018” изилдөөсү өткөрүлдү.

Аталган изилдөөдө Ош мамлекеттик университети төмөнкү 7 багыт боюнча биринчи орунду багындырды. Алар гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика жана башкаруу, энергетика жана электротехника, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттары. Ал эми табигый илимдер, физика-математика жана фундаменталдык информатика багыттары боюнча экинчи орунга ээ болду.

Изилдөө “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун ранжирлөө методологиясында” берилген ачык-айкындуулук, объективдүүлүк, текшерүү мүмкүнчүлүгү жана маалымат булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ылайык төмөнкү коомдук көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

• Абитуриенттердин ЖРТ баллдарынын орточо көрсөткүчү;

• «Алтын сертификатынын» ээлеринин болуусу;

• Чет элдик студенттердин катыштыгы;

• КРдин атуулдук, мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары;

• КРдин ББжИМинин илимий гранттарынын жетекчилери;

• Ойлоп табуулардын жана патенттердин ээлери,

• Хирша индекси (Web of science, Scopus) менен өлчөнүүчү макалалардын болуусу.

Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк алдыңкы тенденцияларга ылайык, билим берүү мекемелеринин негизги багыттары болуп, көз карандысыз аккредитация процедурасына даярдануу жана окуу жайлардын коомдогу жана билим берүү рыногундагы аброюн аныктаган атайын рейтингдерге катышуу саналат. Аккредитация учурунда билим берүү уюмдары көз карандысыз эксперттердин сунуштарын алып, анын негизинде билим берүү системасынын сапатын жакшыртууга аракет жасайт жана өз ишмердүүлүгүнө баа берет, билим берүү системасынын күчтүү жана алсыз жактарын көрө алат, тобокелчилик жана коркунуч жактарына анализ жүргүзөт. Буга ылайык билим берүүдөгү инновациялык өнүгүүнүн стратегиялык приоритеттерин иштеп чыгат. Ал эми рейтингдерге катышуу аркылуу өзүнүн иш аракеттеринин жыйынтыгын коомчулуктун сынына коет жана баасын алат.

Рейтингдин негизги максаты ЖОЖдордун арасындагы атаандаштыкты күчөтүү, билим берүү, илим изилдөөдө сапатты камсыз кылуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Казакстандык аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) Аккредиттөө боюнча КРнын атайын реестрине кирген жана эң негизгиси аталган параметрлерге так жооп берген уюм болуп эсептелет. НААРдын максаты- дүйнөлүк коомчулукта атандашууга туруштук бере алган билим билим берүүдө жогорку сапатты камсыз кылуу. Аталган уюм өз ишмердүүлүгүндө эл аралык ишенимге ээ болуу менен, биринчилерден болуп ENQA (жогорку билим берүүдөгү сапатты камсыздоо боюнча европалык ассоциация) ассоцияциясынын толук мүчө статусуна ээ болгон жана Казакстанда жана Кыргызстанда улуттук аккредитациялык уюм болуп таанылган. Ошондой эле уюмдун аброюнун бийик экендигинин далили катары дүйнө жүзүндөгү аккредиттөө боюнча 15тен ашуун алдыңкы агенттиктер менен кызматташтыгын айтууга болот. НААР агенттиги ошондой эле, өткөн жылы EQAR (жогорку били берүүдө сапатты камсыздоо боюнча агеттиктердин европалык реестри) реестрине да катталып толук кандуу статуска ээ болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть