13:47 23 мая 2018

ЖАМУда «Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта» аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

2018-жылдын 22-майында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультети «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында жана ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жылдыгына, университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата профессордук-окутуучулар курамы арасында өткөрүлүүчү «Жетелеген 95-жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта» аттуу жарыяланган сынактын алкагында иш чара уюштурду.

Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович – “Өлкөнү өнүктүрүүдө экономика жана укук боюнча адистерди келечекке даярдоо менен салым кошуп келесиздер. Ар бир аткарган ишибиз тарыхта калса деген изги тилектер менен иштеп келебиз. Сиздер аткарган иштер, илимий ачылыштар, жаштарга берген тарбияңыздар тарыхта калат деп ишенем. Ошондой эле экономикалык-юридикалык факультетинде профессорлор Зулпукаров Аманкул Зулпукарович, Турдубеков Бегиджан Мадаминович сыяктуу аксакалдар эмгектенип, жаштарга билим берип келишүүдө. Сиздердин тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар жаштарга керек, сиздер биздин сыймыгыбызсыздар! Факультеттин жалпы жамаатынын ишине ийгилик каалайм” – деген жакшы ой-тилегин өз куттуктоосунда билдирди.

Сынактын катышуучулары талапка ылайык сынактын бардык шарттарын аткарышып, окуу жайда окушуп аяктаган жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө кесипкөйлүүлүк менен албан салымдарын кошушкан белгилүү чыгаан инсандардын образы менен жана Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” чыгармасынан сахналаштырылган эпизод аткарышты. Ааламдашуу алкагында көчмөндөр маданиятын даңазалоо менен аны изилдеп пропагандалоо заман талабы болгондуктан, кыргыз элинин тээ көчмөн мезгилинен бери баалуу болуп келген “Баланы бешикке салуу” салты, кыргыз улуттук кийимдеринин баркын, баалуулугун жана уникалдуулугун даңазалаган кийимдер парады көргөзүлдү. Анда сексенге сереп салган профессорлор менен жаш окутуучулар подиумга чыгышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында калыстар тобунун төрайымы Айгул Доранова: “Факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамаатынын 90% бул иш-чарага катышкандыгын баса белгиледи. Негизинен бардык 7 шартынын бардыгын аткардыңыздар. Биз калыстар тобу кеңешип, ар бирибиз өз баабызды бердик, жыйынтыгында 269 баллга ээ болдуңуздар. Ал эми жылдын аягында болуучу чоң концертке эки мыкты аткарылган чыгармаларды белгилеп алдык, алар: “Бал кымыз” ыры аткаруучу Айылчиева Мимоза жана Ж. Бөкөнбаев, Р. Ачылова, Т. Уметалиев, М. Адышевдердин образдарын сахналаштырылган, сюжеттүү эпизод. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз” – деп жылуу пикирин билдирди.

Калыстар тобунун мүчөлөрү:

1. А.Д.Доранова - калыстар тобунун төрайымы, ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

2. С.Асылбекова – мүчө, Жалал-Абад шаардык маданият үйүнүн директору;

3. К.Б.Калчекеев – мүчө, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы;

4. Р.А.Шаимкулов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун жетекчиси;

5. Н.Г.Шамуратов – мүчө, ЖАМУнун маданий-эстетикалык борборунун адиси.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть